Menu

Тажикстанда салык кызматкерлери видео көзөмөлгө алынат

Бөлүшүү:

Тажикстанда ишкерлерди жана бизнесмендерди салык инспекторлорунун бардык мыйзамсыз аракеттерин видеокамерага тарып алууга чакырышууда.

Өкмөттүн алдындагы Салык комитети ишкерлерге басым көрсөткөн кызматкерлер тууралуу арыздар көп түшүп жатканын билдирди.

“Чынында, кээде бөтөн эле адам өзүн салык кызматчысы катары тааныштырып, орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнөн акча “кагып” алууда. Ошондуктан Салык комитети текшерүүчүлөрдүн бардык мыйзамсыз аракеттерин тасмага түшүрүүгө үндөп жатат”,-деди мекеме өкүлү Хуршед Исмоилзода.

Анын айтымында, салык төлөө процедуралары жөнөкөйлөштүрүлгөн, учурда салык отчетторун интернет аркылуу жөнөтсө болот.

Дүйшөмбүдөгү анча чоң эмес дүкөндүн ээси Фируз Юсуфов аз мурун ага салык инспекторлору келип, 2 миң сомони айыппул салып кетишкенин айтты. “Алар сенин товарың көп экен, бирок салыкты аз төлөп жатыптырсын деп айтышты. Бирок азыр кризис, сатып алуучулар дээрлик жокко эсе. Текшерүүчүлөр болсо сатыла элек товар үчүн салык төлөөнү талап кылып жатышат”,-деди ал.

Адистердин пикиринде, ишкерлердин көбү өз укуктарын билишпейт. Төлөмдөрдүн жогору экендигине байланыштуу алар сатуудан түшкөн пайданы жашырып коюшат. Муну билген кызматкерлер аларды опузалап, пара талап кылуу менен ишти жең ичинен бүтүрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: