Menu

Улуттук китепканада Кымбатбек Укаевге арналган көргөзмө өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 17-февралында  Кыргыз Республикасынын  А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу бөлүмүндө  сынчы жана публицист Кымбатбек Укаевдин 85 жылдыгына карата “Көркөм сөз жана публицистиканын нукура устаты” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Белгилүү адабий сынчы, котормочу, публицист Кымбатбек Укаев 1932-жылы 15-февралда Кемин өрөөнүнүн Жаңы-Алыш кыштагында туулган. 1948-жылы Жаңы-Алыш орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, 1952-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1952-1954-жылдары аспирантурадан окуйт. Эмгек жолун “Ала-Тоо” (мурдагы “Советтик Кыргызстан”)журналында сын жана библиография бөлүмүнүн башчысы болуп баштаган.

1955-жылдан тартып Кыргызстан жазуучулар Союзунда адабий консультант, “Мектеп” басмасында ага редактор болуп иштеген.

1963-жылы “Советтик Кыргызстан” газетасынын адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1975-жылдан баштап башкы редактордун орун басары болуп кызмат аткарат.

К.Укаевдин адабий сынчылык чыгармачылыгы 1952-жылдан башталат. Анын алгачкы жазган А.Осмонов, К.Эсенкожоев, Ю.Лермонтов, К.Акиев, М.Алыбаевдердин жана башка жазуучулардын чыгармаларына жана “Кыргыз прозасындагы илимий-фантастикалык жанрдын жаралышы”, “Ак Мөөрдүн арманы”, “Бөбөктөрдүн жанры жөнүндө” аттуу адабий сын-макалалары менен бат эле көзгө көрүндү.

Кыргыз совет адабиятынын ар кандай проблемаларын камтыган, тарыхына из калтыра турган терең мазмундагы илимий-теориялык изилдөөлөрдү, сындарды өз окурмандарына тартуулады. Табигый шыкка мол журналисттик “Турмуш жана ыр” (1968), “Жол чакырат” (1970) деген очерктер, репортаждар, К.Наимов, Н.Ялымовдор менен биргелешип жазган “Достук сапарлары”(1970), “Сөз кудурети” (1972), “Мезгил талабы” (1973), “Орус сөзү” (1976), “Ыр нөшөрү”(1982) жыйнактары басмадан жарык көрдү. “Сокур намыс баш жарат” деген макаласы үчүн СССР журналистер Союзунун сыйлыгынын лауреаттыгын жеңип алган.

Укаев котормочу катары да таанымал. ДЖ.Свифттин “Гулливердин саякаттары”, “Апендинин жоруктары”, А.Нурпеисовдун “Кан менен тер” романынын, Л.И.Брежневдин “Кичи жер”, “Эскерүүлөр” аттуу чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Таланттуу журналисттин сиңирген эмгеги жогору бааланып “Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам алган, медалдар, грамоталар менен сыйланган.

Ал 1989-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Көргөзмөгө китептер, газета-журналдар, ал жөнүндө жазылган ар түрдүү экспозициялар орун алган.

Булак: Улуттук китепкананын пресс-кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: