Menu

Фото – Бельгияда Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземи болду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев 16-февралда  Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча  архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземине катышты.

Архивдик материалдарды өлкөбүзгө Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф өткөрүп берди.

Өз сөзүндө Алмаз Атамбаев иш чаранын катышуучуларын жылуу куттуктап, ага Чынгыз Айтматовду жакын билген жубайлар Бланкоффтор сыяктуу көп адамдар катышып жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, улуу жазуучу менен ал дагы жакын мамиледе болгон. Айтматов «биздин муун үчүн ошондогу өлкөнүн өзгөчө символу болгон, анткени ал кыргыз жазуучусу гана эмес, союздук дагы, планеталык дагы жазуучу болгон».

«Жубайлар Бланкоффтор сыяктуу анын жанында болуп, жардам берген адамдардын аркасынан ал бир гана элдин эмес, планетанын жазуучусу болуп калды», – деген Алмаз Атамбаев өзүнүн президенттик жылдары Чынгыз Айтматовго эстеликтер тургузулганын жана улуу жазуучуга татыктуу күмбөз салынганын канааттануу менен белгиледи.

«Биздин эл Чынгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучуну жаратканына, анын сөздөрү, образдары, символдору китептери аркылуу бүт дүйнөгө тараганына сыймыктанабыз», – деди Алмаз Атамбаев. – Анын ар бир чыгармасы – өзүнчө ыйман сабагы, чыгармаларынын маңызы көптөгөн жылдардан кийин дагы ачыла бермекчи».

«Мен жубайлар Бланкоффторго ыраазымын, анткени Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкандын баарынын мааниси чоӊ. Бланкоффтор жыйнаган аудио, видео- фотоматериалдар коллекциясы  – жазуучунун өмүрүнүн эң кызыктуу барактары, алар Кыргызстандын музейлеринде, анын ичинде Айтматовдун үй-музейинде сакталуу менен айтматоведдердин ишине керек болот. Чынгыз Айтматовдун оор учурларында анын жанында болгон Бланкоффторго ыраазылык жолдойм», – деди Алмаз Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, өз Мекениӊен алыста жүргөн кезде санаалаш адамдардын болгону маанилүү. «Мен да кээде өз ыктыярым менен, кээде аргасыздан өз жеримен алыста жүргөн учурларым болгон. Ошондо жаныӊда жакын адамдарыӊ, чыныгы досторуӊ болсо, баары жеӊил өтөт», – деди Алмазбек Атамбаев. Кайсы бир интервьюсунда Брюсселде өзүӊүздү жалгыз сезесизби деген суроого Чынгыз Айтматов орус тили боюнча адистер Жан менен Голди Бланкоффтор ага ынак болуп калышканын, алар ачык сырдашам деп жооп бергенин Президент эске салды. «Бул улуу жазуучунун жубайлар Бланкоффторго мамилесин даана чагылдырат”, – деди Алмаз Атамбаев.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, кээде адамдар жанындагыларды жакшы баалашпайт же анча маани беришпейт. «Кээде колубузда турган асыл нерсени, керек болсо ушундай генийди да баалабайбыз. Чынгыз Айтматовдун өмүрүнүн ар бир үзүмүн сактап жана бизге белгилүүлөрдүн жаӊы өӊүттөрүн ачкан сиздер сыяктуу адамдардын бар болгону жакшы»,- деди Алмаз Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Алмаз Атамбаев  бүгүнкү иш чара жүрөк толкуткан окуя болгонун белгиледи. «Бүгүн менин көп жолугушууларым болду, бирок бул кече жүрөгүмдү тилгендей болду», – деген Атамбаев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө, дипломатиялык корпуска жана бул аземге келгендердин бардыгына ыраазылыгын билдирди.

Алмаз Атамбаев жубайлар Бланкоффторго символдуу боз үйдү тартуулоо менен бул үй-бүлөнү Кыргызстанда чын ыклас менен күтүп алышарын, ар бир кыргыздын боз үйү аларга ачык экенин белгиледи.

Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө расмий документке КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф кол коюшту.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: