«Быйыл жыл аягында мен көп ичи тар саясатчыларды өзүм менен кошо ала кетемин деп ойлоп жатам”, – деп билдирди Белгияда иш сапары менен жүргөн Алмаз Атамбаев 16-февралда жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземинде чыгып сүйлөп.
“Кыргыздарда, айрыкча саясатчыларда ичи тардык деген касиет бар. Манас өз убагында бекеринен аялы Каныкейди катып туруш үчүн Кыргызстандан Бухарага качырган эмес. Азыр биз кыргыз элитасынын тезирээк тазаланышын кудайдан тилеп олтурабыз. Мен жыл аягында ал ичи тарлардын көбүн өзүм менен кошо ала кетем деп ойлойм. Алардын ордуна жаңы, таза жаш саясатчылар келет деп үмүт кылам”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ