Euronews: Мырза Атамбаев, Сиздин өлкө Евразиялык экономикалык бирикменин мүчөсү болду. Сиз бул бирикме баарынан мурда Россиянын кызыкчылыгын көздөйт деп эсептебейсизби? Акырында Лукашенко айткандай Беларусия сыяктуу Кыргызстан да ара жолдо калбайбы?
Алмаз Атамбаев: Биз акыры коңшулар менен иштешибиз керек, соода-сатык жасашыбыз зарыл. Эгер биз Евразиялык экономикалык бирикмеге кирбегенибизде биз экономикалык блокада да калмакпыз. 2010-жылы Казакстан бизге 1,5 ай блокада жасаганда бизде адам курмандыктары да болгон. Ошондой болгон, анткени блокада – бул өтө жаман иш. Эгер бизге башка бирикмеге кирүү боюнча сунуш беришсе анда башка кеп. Эмне Афганистанга кирелиби? Евробирикмеге бүгүн кирүүгө даярбыз. Мен ушундай сунуш менен Евробирикмеге кайрылгамын. Бирок, мага “биздин жалпы чек арабыз жок” деп ачык эле жооп айтышты. Анда силер бизге эмне сунуш бересиңер? Бизде 6 млн киши бар. Эмне кылалы, жунглидегидей тыгылып алып жашайлыбы? Биз да өсүшүбүз зарыл, бизге рынок керек.
Кыргызчалаган Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ