Menu

Донду Алдосов, пенсионер: “Бийликтин жакырчылык менен күрөшөбүз деген программасы бар, эмне электрэнергиясын кымбататса жакырлар азая түшөбү?

Бөлүшүү:

“Бизде  мыйзамдуулук деген жоголуп баратат го? Эмне үчүн 2010-жылы банк ячейкаларын уурдап кеткендерди алиге чейин камабайт?  Кана закон? Миллиондогон, он милиондогон акчаларды уурдашты 15-16 адам”,деп билдирди Жалал-Абадда Сөз эркиндигин коргоо комитети өткөргөн жыйында жергиликтүү пенсионер Донду Алдосов.

“Ал кимдин акчасы? Албетте элдин акчасы. Ошолордун баардыгын камабайбы! Башка жаш кадрларды кызматтарга койбойбу! Анан саясый ката кетирсе эле алып барып камап коёбу?  Конституцияны алып көрөлү, 32 беренени өзгөртүүгө киргизди. Кимибиз окудук, кайсы беренелер өзгөрдү? 2020- жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген беренелерди эмне үчүн өзгөртүп жиберди? Биз каякка кетип жатабыз? Биз кимбиз өзү? Ушунчалык эле макоо болуп калдыкпы кыргыздар?  Балдарыбызды каматып жүрө беребизби?  Соттук реформа жасаймын деди эле жасаганын көрдүк. Эми соттор бийликти сындагандарды камап алып, жабык, тымызын сотторду өткөрө баштады. Ушулбу соттук реформасы? Бийликтин жакырчылык менен күрөшөбүз деген программасы бар. Эми болсо электрэнергиясына бааны кымбаттатып салышты. Эмне жакырчылык менен ушинтип күрөшөбү? Электрэнергиясына бааны кымбататса жакырлар азая түшөбү? Деги каякка баратабыз?”, – деди Донду Алдосов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: