Киевдин борборунда каршылык манифестациясынын катышуучуларынын өлүмүнүн үч жылдыгына байланыштуу Украина улутчулдар уюмунун тарапташтары акция өткөрдү.
Жекшемби, 19-февралда жүздөгөн активист Донбасстын аймагында соода кылууну токтотуу боюнча мыйзам кабыл алууну талап кылган. Алар президенттин администрациянынан алыс эмес жерде чатырларды тигүүгө аракет кылган учурда полиция менен кагылышкан. Полиция кызматкерлери келтек жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, демонстранттар жарылуучу заттарды ыргытып, тосмолорду бузууга аракет кылышканы кабарланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ