Menu

Канат Керезбеков келеби, же береби?

Бөлүшүү:

Ошентип, депутат Исаковдун иши чатак болуп, башына кара булут айланып калды. Эми ал бул балээден жакшы болду дегенде депутаттык мандатын өткөрүп берип кутулат, болбосо, түрмөгө түшөт деген чындыкка жакын божомолго токтоло туралы. Кыргызстандагы аткаминерлерге болгон эң бийик жаза: кызматынан кетүү бо­луп эсептелет эмеспи. Ал эми абакка түшүү сейрек көрүнүш, сейрек жаза.

КСДПнын талапкерлери боюнча так тизмеге үңүлсөк, кийинки кезек Мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбековго жетти. Андан кийин Икрамжан Илмиянов турат. Керезбеков буга чейин Билим берүү жана илим министри болуудан баш тартканы белгилүү. Тар чөйрөдө Башкы прокурор Жолдубаеванын ордуна барат деп айтылганы менен, ал кеп азырынча бышыкталбай турат. Кыскасы, илимдүү-билимдүү Керезбеков депутаттыкка келет, же баш тартып, кезегин Илмияновго берет. Бул маселенин жыйынтыгын аз күндө көрүп калабыз.

Булак: “Багыт.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: