Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин 11 депутаты дайынсыз жоголгону тууралуу айрым депутаттар айтып чыгышты. Алар муну мурдагы айыл өкмөт башчысы 16-февралда өтө турган шайлоону болтурбай коюуну көздөпжатат дешүүдө. Ал арада жоголду деген депутаттардын туугандары арыз менен укук коргоо органдарына кайрылганы кабарланууда. Маалымат каражаттарында жоголгон депуттар Тажикстандагы “Бахористон” эс алуу жайында экени айтылууда. Бул ишке Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов аралашканы кеп болуп жатат. Себеби Тилек Матраимов айыл өкмөт башчысына өз кишисин алып келиш үчүн шайлоону болтурбай коюуга кызыктар болуп, депутаттарды өз жанынан акча төлөпэс алууга чыгарып жибергени боюнча айыл тургундары арасында кызуу талкуу жүрүүдө. Матраимовдордун төбөсү ар дайым чырлуу иштен көрүнчү болду го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ