Menu

Жолдошбек Сыдыков, Нарын мамлекеттик университетинин профессору: “Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

—Жолдошбек агай, Раушан Айткулованын эфирдегы чырын  “Мегаком” боюнча “ата-мекенчилерге” күнөө коюп, чындыкты айтып жатат деп ишенсек болобу?

—Менимче, Раушан Айткулова “эфирге” заказ менен чыкканы көрүнүп эле турат. Буга чейин Атамбаевди оор кылмыштарга күнөөлөп, Ак үйдүн алдында кыйкырып эле жүргөн.

—Бүгүнкү  КТРКнын иш аракети 2005-2010-жылды эске салып жатат, бийлик алсырап бара жаткан жокпу? Атамбаевдин бийлиги күзгө чейин жетеби ?

—Бийлик алсырамак турсун, жокко эсе болуп калды. Болгон аброюн (авторитетин) жоготкон. Бул процесске Атамбаев жана анын партиясы чоң “салымын” кошушту. Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы да мүмкүн. Эгерде революциялар 2005-жылкы Аксыда, 2010-жылкы Нарын менен Таласта башталса, 2017-ж. Бишкек менен Ошто башталашы мүмкүн.

—Басымдуу болбосо да көпчүлүк эл “Ата Мекен ” партиясынын ичинен бирөөнү президенттикке барышын каалашат экен. Сиздин оюңузча аталган партиядан ким аттанат?

—Менин оюмда, Текебаевди чыгарыш керек. Кийинки президент Текебаев болсо жалпы эл жана мамлекет утат.

—Биздин кыргыз эли Кремлдин таасирисиз өз алдыбызча президенттүү болушубуздун канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз? Текебаев Москвага эмне иш менен барышы мүмкүн?

—Кыргызстандагы процесстерге Кремлдин таасири чын эле күчтүү. Бирок, биздин келээрки президент мамлекеттин эгемендүүлүгүн катуу карманышы зарыл. Текебаев Москвага кетсе, ал төңкөрүштү эмес, Атамбаевди мөөнөтүнөн эрте кетишин камсыздоо үчүн барышы мүмкүн.

Маектешкен Шамил Карабала уулу

Булак: “Майданkg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: