Menu

Ташкент Дүйшөмбү каттамын кабыл алуудан баш тартты

Бөлүшүү:

“Сомон Эйр” тажик авиакомпаниясынын Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча алгачкы ырааттуу учуусу үзгүлтүккө учурады. Ташкент аэропорту  20-февралда Дүйшөмбүдөн келе турган учакты кабыл алган жок.

Тажик компаниясы буга байланыштуу билдирүү таратып, күнөөнү өзбек тарапка оодарды. Өкмөттүк дэңгээлдеги сүйлөшүүлөргө ылайык, 20-февралдан тарта “Сомон Эйр” компаниясы ырааттуу каттамдарын баштоого уруксат алган. Бирок Ташкент аэропорту учууларды кабыл алуудан баш тартты.

Биринчи ырааттуу каттам менен Ташкентке 26 жүргүнчү учмак. “Сомон Эйр” авиакомпаниясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кардарлардан кечирим сурап, билеттин акчасын кайра кайтарып берди. Айрымдары Дүйшөмбү-Худжант каттамы боюнча билет алышты.

Эки өлкө ортосундагы байланыш 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон. 10-февралда тажик авиакомпаниясынын учагы 14 жүргүнчү менен Дүйшөмбүдөн Ташкентке алгач ирет учуп барган. Бул 25 жыл ичиндеги биринчи каттам болуп калган.

Булак: Борбор азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: