Menu

Исаковго кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул беренеге ылайык, депутаттын кол тийбестик укугу эсепке алынбайт. Демек эл өкүлү түптүз абактан орун алып калышы мүмкүн. Депутат Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган деп айыпталууда. Музаффар Таш-Булак айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз 315 токтом чыгарган. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен. Демек бери дегенде орто эсеп менен жарым миллион долларга чөнтөгүн кампайткан болуп чыгат. Ошол жашылбайлар менен депутат болуп келсе керек сыягы… Эми колу менен жасаганды мойну менен тартып, мыйзам алдында жооп берсин…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: