Menu

Казакстандык журналист Жанболат Мамай камакта калтырылды

Бөлүшүү:

Алматы соту «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу, журналист Жанболат Мамайды камакта калтыруу тууралуу биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мамайдын кесиптеши Инга Иманбайдын билдиришинче, адвокат тарабынан берилген апелляциялык арызда соттун мурдагы чечимин жокко чыгарып, айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү менен аны күрөөгө бошотуу өтүнүчү жазылган.

Сот отуруму жабык режимде өттү. Чечим тууралуу Жанболат Мамайдын жактоочусу Жанара Балгабаева билдирди. Сотко журналисттин өзү катышкан жок. Мурдараак активисттер сотто аны колдоп акция өткөрүшкөн.

Мамай 10-февралда кармалып, эртеси райондук сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө ал мыйзамдуу каржы операцияларын жүргүзүү шылтоосу менен БТА Банкта уурдалган акчалардын изин жашыргандыгын билдирген. Өз кезегинде Мамай тагылган айыптарды четке кагып, бийликтин бул аракетин гезиттин чыгуусуна тоскоолдук жаратуу катары сыпаттаган.

Буга чейин Мамайды бошотуу чакырыгы менен бийликке бир канча эл аралык укук коргоо уюму кайрылган. Андан сырткары казакстандык жарандык активисттер тарабынан журналистти коргоо комитети түзүлгөн.

Булак: Борбор азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: