Menu

Калыкбек Султанов КСДПдан президенттикке талапкерби?

Бөлүшүү:

Узап бараткан жумада Кыргызстанда президенттик шайлоонун датасы аныкталды. Президенттик шайлоого даярдыктар болсо, өлкөдө активдүү фазасына өттү. Буга чейин “Ак шумкар” партиясы Темир Сариевди, “Өнүгүү-Прогресс” Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөтсө, 14-февралда Жогорку Кеңештеги ири оппозициялык фракция “Республика-Ата-Журт” өз лидери Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкерлигин бир добуштан колдогону жарыяланды. КСДПдан да талапкер боюнча шек-шыбаалар чыгып, бийлик партиясы Кыргыз-орус фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин карап жатканы айтылды. Бул маалыматты Кулматов өзү да, КСДПнын айрым өкүлдөрү да ырастаган жок, би­рок бир беткей четке да каккан жок. КСДПнын президенттикке ыктымал талапкерлеринин арасында орчундуу мамлекеттик кызматтарда турган Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Кубанычбек Кулматов, Иса Өмүркулов аталып келе жатат. Бирок бийлик партиясынын кадрдык куржунунда президенттик амбициясын эч байкатпаган, кичи пейилдигинен жазбаган президенттин кеңешчиси Калык Султанов да бар. Ал акыркы мезгилде президенттин жанынан чыкпай, сырткы сапарларында да калбай коштоп жүрөт. Икрам Илмияновдун ордуна келген Сапар Исаков андан да таасирдүү фигурага айланганы айтылууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: