“Керкисинде да бар, кемтигинде да бар” дегендей, учурда студенттин капчыгына карап баалаган окутуучулардан дагы, баа үчүн мугалимдерге жалдырап пара берген чала сабат студенттер да абдан көбөйдү. “Үшүгөндү шишиген жетелейт” болуп, биринин айыбын бири жаап жатып, жогорку окуу жайын аяктап жаткан студенттердин билим деңгээли жылдан-жылга төмөндөгөндөн-төмөндөп бара жаткандай. Өздөрү жакшы баа алыш үчүн мугалимдин жанын койбой акча берип алып, “кыз боозуп энесин коркутат” дегендей, кайра мугалимди доого жыккандары да четтен чыгат. Маселен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Э.А. аттуу студенти 10-февралда аталган окуу жайдын кафедра башчысынын үстүнөн мыйзамсыз акча алды деген доо менен арыз жазган. Ал окутуучусуна жакшы баа коюп берүү үчүн 25 миң сом акча берген. Ал эми кафедра башчысы акчаны алаарын алып, бирок баа коюп бербей койгон. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кафедра башчысына карата кылмыш ишин козгоду. Оперативдүү иш-чаранын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 13-февралында И.Раззаков атыңдага Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин М.А. аттуу кызматкери алган акчасынын 8 миң сомун студентке кайтарып берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Билими жеткиликтүү студент окутуучуга анчалык чоң суммадагы акчаны эмнеге берет? Өздөрү сабакты тыңгылыктуу окуй албай мугалимге акчаны зордоп берип алып, эми минтип бет тырмаарчылык кылып жатканын кандай түшүнүүгө болот? Келечегибиз ушундай жаштардын колунда болсо, демек алды жагыбыз али туман бойдон экен да.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ