Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун курууда кытайлык “Лонг-Хай” фирмасынан 6 миллион доллар пара алган деп айыпталып, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон экс-премьер Темир Сариев “жебеген самсысына пул төлөп” жүрүптүр. Биздин маалымат булактар кабарлагандай “Лонг-Хай” фирмасын ал жолду курууга Алмаз Атамбаевдин экс-жан сакчысы, азыр өлкөдөгү таасирдүү фигурага айланган Эркин Мамбеталиев менен кыргыз кримтөбөлдөрүнүн бири алып келишип, премьер менен сүйлөшүп, жеңүүчү кылдырышкан экен. Бирок “Лонг-Хай” фирмасынын 6 млн доллары Темир Сариевге жетпей ортодо олжолонуп кетиптир. Кимиси илип кеткенин өзүбүз кармап албагандыктан айта албайбыз. Дагы бизди сотко сүйрөп жүрүшпөсүн. Аларды кармап алуу биздин иш эмес, укук коргоо органдарынын милдети. Андыктан биз маалымат таратуу менен гана чектелебиз.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ