Menu

Бакыт Төрөбаев түштүктүн жаш күчтөрүн бириктирип жатыптыр

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаев жакында түштүктүн төбөсү көрүнүп келаткан жаш күчтөрүн жыйнап, тымызын чоң масилет курганы айтылууда.

“Үсөн Сыдыков,  Жантөрө Сатыбалдиев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, Улугбек Ормонов, Өмүрбек Текебаев сыяктуу эски муундун өкүлдөрү 25 жылдан бери түштүктүн атынан сүйлөшүп, түндүк кландары менен соодалашып, биздин тагдырыбызды чечип келатышат. Анан ошол 25 жылда эмнеге жетиштик? Ар нерсенин чеги болот. Эми мындан ары орунду орто муунга, жаш күчтөргө беришсин. Биз да саясаттагы өз сөзүбүздү айталы. Биригели, ынтымактуу бололу. Мына түндүктүн эски кландары бүт оюндан чыгып, Бабанов сыяктуу бир курдуу жаштар бийликти каптап келатышат” таризинде жалындуу сөздөрдү сүйлөгөн экен жаштар кызуу колдоп кетишиптир.

Кыязы аймактын элитасы алмашып, анын башына Бакыт Төрөбаев курдуу жаштар келет окшоп калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: