Menu

Жалал-Абадда социалдык тармактын кызматкерлеринин жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-февралда Жалал-Абадда өкүлчүлүктүн чоң жыйындар залында областтык социалдык тармактын кызматкерлеринин жыл жыйынтыгын чыгарган жана 2017-жылга милдеттерди аныктаган кеңешме-жыйыны болуп өттү. Жыйындын ишине райондун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, соцтармакты жетектеген шаарлардын вице-мэрлери, райондук-шаардык социалдык фонддор менен социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчылары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин башчылары катышты. Жыйындын ишин өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

Социалдык тармактын кызматкерлеринин жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме-жыйынында өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова баяндама жасады.

-Жалал-Абад областында 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 1 млн. 142 миң 740 адамды түздү. Жакырчылыктын деңгээли 29,7 пайызды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,6 пайызга төмөндөгөн. Мындан сырткары расмий катталган жумушсуздардын саны 13775 адам болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 111,8 пайызды түздү. Мунун ичинен 53,4 пайызын аялдар, 40,8 пайызын жаштар жана 68,8 пайызын айылдык жарандар түзөт. Өткөн жылы эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы тарабынан 4864 жумушсуз жаран жумушка жайгаштырылды. Мындан сырткары жыл ичинде 28502 жумуш орундар түзүлгөн жана калыбына келтирилген. Областтын аймагында жашап жаткан этникалык кыргыздардын жалпы саны 6675 адам болуп, анын ичинен “Кайрылман” күбөлүгүн алгандар 3996 адамды түзгөн. Этникалык кыргыздар Өзбекстандан, Тажикстандан жана Россия өлкөсүнөн келишип, алар Аксы, Ала-Бука жана Ноокен райондорунда олтурукташып жатышат.

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүү боюнча 2016-жылга  2 млрд. 823,3 млн. сом тапшырма берилген болсо, анын аткарылышы 2 млрд. 918,4 млн. сомду түзүп, тапшырма планы 105,6 пайызга ашыра аткарылган.

Саламаттыкты сактоо тармагында өткөн жыл ичинде 29 244 жаш бала төрөлүп, бир жашка чейинки 473 ымыркайлар каза болушкан. Балдардын өлүмү Сузак жана Ноокен райондорунда мурдагы жылга салыштырмалуу өскөн. Өткөн жылы 7 эненин өлүмү катталып, 2015-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү 50 пайызга кыскарган. Областтын саламактыкты сактоо тармагында ар кыл адистиктеги 186 дарыгерлер жетишпейт,- деди өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова.

Жыйында белгилүү болгондой жалпы билим берүүчү мектептерде область боюнча 145 мугалим жетишпейт. Айрыкча орус тили жана адабияты, химия жана физика сабактарынын адистиктери мектептерде таңкыстыкты жаратууда. Жалал-Абад областынын аймагында 261 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер болсо, анын 53 мамлекеттик, 193 муниципалдык, 3 ведомстволук жана 12 жеке менчик болуп саналат. Камтуу көрсөткүчү 27,4 пайызды түзөт.  Өткөн жыл ичинде менчиктештирилип кеткен 67 балдар бакчасынын 36сы мамлекетке кайтарылды. Областтагы 10 айыл аймагында бир дагы балдар бакчасы иштебейт. Алар Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач айыл аймактарында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагында, Токтогул районунун Белалды, Ничке-Сай, Сары-Камыш, Толук жана Чолпон-Ата айыл аймактары болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө социалдык маселелер боюнча бир катар райондордун акимдеринин орун басарлары жана мэрлердин социалдык маселелер боюнча вице-мэрлеринен кетирилип жаткан кемчилдиктерди оңдоо боюнча атайын билдирүүлөрү угулду.  Социалдык фонддун иши боюнча Жалал-Абад шаардык социалдык фонддун жетекчиси Рустам Тургунов жана райондор менен шаарлардан  келишкен социалдык фонд менен социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтары угулду.  Жалал-Абад шаарында өткөн жылы “Баатыр Энеге” сунушталган 51 делонун 4ү гана кабыл алынган.

-Жарым жылдыктын жыйынтыгы менен бүгүнкү айтылган кемчилдиктер четтелүүсү тийиш. Айтылган кемчилдиктер менен сын-сунуштар протоколдук негизде киргизилди. Ушул аралыкта кетирилген кемчилдиктер оңдолбосо ал кызматкердин кызмат ордунда калуу маселеси каралат. Ошондуктан айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгарууңарды талап кыламын,- деди жыйындын ишин алып барган өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов.

     Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: