Menu

Искендер Кадыркулов атагынан чатагы арбын Алымбек Баймуратов менен табакташпы?

Бөлүшүү:

 

2012-2015-жылдары “Түндүк электронун” генералдык директору болуп иштеген Искендербек Кадыркулов 2015-жылдын этегинде КСДПдан ЖКга депутат болуп келген. ЖКда бир жарым жылдай депутат болгон соң, өз чечими мененби, же жогорку жактан “башкаларга жол бошот” деген көрсөтмө болдубу, айтор мандатын тапшырып, кайрадан акчасы арбын, “майлуу-сүпүү ”, коррупцияга короосунун дарбазасын эчак эле кең ачып таштаган “Түндүк электро” ишканасына экинчи ирет генералдык директор болуп барганы белгилүү.

Ошентип, экс-депутат Кадыркулов келери менен жыл жыйынтыгына ж.б. себептерге байланыштуубу, айтор кадр маселесине катуу көңүл буруп жатыптыр. Учурда ал ишкананын коммерциялык директорунунун ордуна мурун өзү менен иштеген Алымбек Баймуратов дегенди дайындаганы жатканы айтылууда. Бул адамдын дайыны коомчулукка буга чейин эле жагымсыз окуялар менен коштолуп, жакшы эле угулуп калган. Аны жакындан жакшы билгендер “Түндүк электродогу” Ширшовдун схемасын тымызын колдоочуларынын бири деп айтып келишег. Ал 2013-жылдын башында ушул эле ишканада коммерциялык директор болуп турган кезинде, бир катар туура эмес иштери үчүн катуу сөгүш алып, бирок кызматын сактап калган.

Баймуратовдун ишмердүүлүгүнө “Түндүк электронун” Директорлор кеңеши да ич чыкпай, ачуу сындарды айтып, нааразы болуп келишкен жайы бар. Анткен менен Баймуратов бийликтеги таасирдүү адамдардын баары менен болбосо да, бир топтору менен “ысык” мамиледе болуп, аларды ар кандай кымбат делген коомдук жайларда байма-бай эс алдырып, көңүлүн алууну мыкты өздөштүрүп алган дешет. Мындан тышкары, кызмат абалынан пайдаланып Чүй облусундагы бир катар майлуу ишкана- заводдорду электр маселеси боюнча тейлеп, жең ичинен чоң пайда көрөт дешет. Ал эми байлыгы анча-мынча “мен бай” деп төш кагып элге мактанып жүргөндөрдүн байлыгына салыштырмалуу абдан эле арбын деп айты­лууда. Кыскасы, иштеген ишмердүүлүгүнө, жүргүзгөн саясатына ичи чыкпаган “Түндүк электро” ишканасында Баймуратовго окшогондор иштеп. Өз жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып турганда, Кыргызстандын энергетика тармагы эч качан оңолбойт десек болот. Тескерисинче, артка кетүүнүн жолунда болушу толук мүмкүн. Ал эми бул ишкананын, жаны жана эски гендиректору Искендербек Кадыркуловдун мындай арты таза эмес кадрларды кызматтан кызматка көтөрүүгө аракет жасап жатканына эмне себеп болду экен? Же өзү ошол Алымбек Баймуратов менен табакташпы деген суроо туулбай койбойт.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: