Борбор калаабыздагы негизги көйгөйлөрдүн бири – жол тыгыны экендиги бештен белгилүү. Анткени акыркы 10-15 жылда автомашиналардын саны бир нече эсе көбөйгөн менен жолдор резина болбогон сон, шаардын ичинде жүрүү, үйдөн жумушка, кайра кечинде үйгө жетүү өзүнчө эле тозокко кирип чыккандай болууда. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү тейлеген жеке менчик фирмаларга тиешелүү “бусиктердин” айдоочуларынын маданиятуулугу, жол эрежеси менен графикти сактоосу, техникалык талаптарга жооп бербеген, көпчүлүгү дизель менен жүрүп, экологияны булгап жаткандыгы өзүнчө сөз кыла турган тема. Кыскасы, Бишкектиктердин Кудайга жеткен үнү мэрияга да жеткенби, өткөн жумада архитектура башкармалыгы Бишкектеги эн көйгөйлүү, автотыгын көп жаралган деп эсептелген жолдордун кесилишине жөө жүргүнчүлөр жер үстүнөн өтө турган өткөөлдөрдү куруу сунушун берип, эскизин жарыялады. Алар: Тынчтык пр. – Шампанвинкомбинат; Мамбетов – Шабдан Баатыр көчөлөрү (“Мадина” базары); Чуй пр. – Б. Бейшеналиева көчөсү (“Ош базары”); “Аламүдүн” базарындагы Шабдан Баатыр – М.Жалил көчөлөрү; Л.Толстой көчөсү (КРСУнун окуу корпусунун маңдайы); Шопоков көч. – Чуй пр. Эгер мэрия ушул долбоорду адаттагыдай айтып коюп эле унутуп калбай, ишке ашырса, анда шаарыбыз мамлекеттин борборуна, чиновниктерибиз эл үчүн чындап иштеген жетекчиге окшошуп калат эле.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ