Menu

Муфтийлик орунга бир талапкер катталды

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси – муфтийди шайлоо үчүн сынак жарыялап, арыздарды кабыл алуу башталган 2-февралдан бери бир гана талапкерден арыз түштү.

21 уламадан куралчу Аалымдар кеңешинин мүчөлүгү үчүн азырынча жети гана талапкер катталды. Бул тууралуу “Кабар ”24” агенттигине Аалымдар кеңешинин жана

каттоо комиссиясынын мүчөсү Абибулла ажы Кадырбердиев билдирген: “4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт. Ал курултайда өлкөдөгү диний иштер каралып, Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү жана азирети муфтий шайланат. Талапкерлерди каттоо 24-февралда аяктайт. Азырга чейин Аалымдар кеңешине жети, муфтийликке бир талапкер катталды”.

Талапкерлерди каттоо комиссиясынын мүчөсү андан ары Аалымдар кеңешиндеги 21 орун толбой каларына тынчсызданууга эрте экенин, каттоо аяктарына дагы эки күн бар экенин, ал эми муфтийликке арыз берген жалгыз талапкердин аты-жөнү азырынча айтылбастыгын кошумчалады.

Жаңы шайлоо азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин үч жылдык мөөнөтү соңуна чыгышына байланыштуу жарыяланган.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: