Menu

Баткен Шерниязов: “Максимдин жерин биз ызы-чуу кылып достор менен алып калганбыз. Ошондо сата албай калышып, эми менден өч алып жатышат”

Бөлүшүү:
Өткөн жумада “АкиПрессте” Бакыт Бакетаев, Кайрат Осмоналиев жана эки юрист айым журналист журтчулугуна маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кайрат Осмоналиев Максимдин жери делген жерди Болот Шер менен Садык Шердин тууганы Баткен Шерниязов бир канча жылдан бери ижарага алып, иштетип пайда көрүп келерин кошумчалаган. Ошол эле күнү КТРК Баткен Шерниязов ал жерден жылына миллиондогон пайда көрүп жатканын эсептеп, элге жар салган. Коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан ушул маселеге байланыштуу «Манас-Мурас» коомдук уюмунун төрагасы Баткен Шерниязов менен байланышып, анын пикирин угуп көрдүк.  Негизиги чындык ким тарапта, ким күнөөлүү аны дагы алдыда убакыт дааналап көрсөтөт. Ага чейин «ар кимдин өз чындыгын» угуп туралы.

 

-Баткен мырза, учурда сиздин атыңыз Максимдин жери делген жер чатагына байланыштуу ЖМКда жана саясатта катуу талкууга алынып жатат. Сиз ал жерди чындап эле ижарага алып иштетип келесизби? 

Бул маалымат толугу менен жалган экенин билдирем. Бул чатакка, жерге менин эч кандай тиешем жок. Негизи, бул жерди эчак эле сатып жиберишмек. Биз аны ызы-чуу кылып достор менен алып калганбыз да. Ошондо сата албай калышып, эми менден өч алып жатышат окшойт. Менимче, мындай маалыматты Тайырбек Сарпашев өзү эле чыгарып жатат көрүнөт. Башка кызыкдар адамдар да бар окшобойбу. Ал  чатактуу жер Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.  Аны Бектурсун, Нурсейит деген балдар карап турат. Башкы прокуратура ал эки жигитке каратып койгон. Экөө жооп берет дегендей. Башка чатактуу жерлерге менин аты-жөнүмдү жабыштыра берсе эле, жараша берет деп ойлошот окшойт. Биз бул маалыматты тараткандарды, ойлоп чыгаргандарды сотко беребиз. Азыр жактоочулар бул боюнча иштеп баштады.

Булак: Чагылган

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: