Menu

Аида Салянова, ЖК депутаты: “Өзүмдүн актыгыма ишенген соң, мен бардык кыйынчылыктарды жеңем”        

Бөлүшүү:

 

Аида айым, сизге козголгон кылмыш ишти коомчулук саясый куугунтук катары баалап атканын байкай баштадым. Бирок, жеке дүйнөңүздө психологиялык жактан тынчсыздануу болуп атса керек. Адамзатынын туюмунда кооптоно турган сезим болот эмеспи, же сиз андай чектен көтөрүлүп кеттиңизби?

-Кудайым адамга көтөрө ала турган гана сыноолорду жиберет. Бийлик кандай гана жамандыкка барбасын, өзүмдүн актыгыма ишенген соң, мен баардык кыйынчылыктарды жеңем. Тескерисинче, бийликтин мындай арам аракеттеринин артынан көп нерсеге көзүң ачылат экен.

Сыртыңыздан кайраттуу, катуу аялзаты катары

көрүнөсүз. Бирок, адамдын бир алсыз жери болот эмеспи. Сиздечи?

-Жамандыкка жамандык менен жооп берип, көп учурда адам өзүн коргоп алам деп ойлойт экен. Мен болсо «таш менен урганды аш менен урганга» аракет кылам. Бирөөгө атайын жамандык издебейм, анын айыбын дагы чукубайм. Бирок, аны көп адам түшүнбөйт экен. Унчукпасаң, аны алсыздык, жеңилүү катары баалашат. Бирок, убакыт баарын өз ордуна коюп, Кудайым ар бир адамдын ниетине жараша берээрине бөркүмдөй ишенем.

Бүгүнкү башыңыздагы сыноону табалагандар көп болсо керек. Душмандарыңыз көп, билебиз. Негизи табалаган адамдарга кандай жооп узатат элениз?

– «Табанын жолу тар болот. Анча тынчсызданбагыла» дейт элем. Анткени, ар бир сыноонун артында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Сиз карьера жасап, ишке берилген аялзаты ка­тары белгилүүсүз. Негизи үй-бүлөгө убактыңызды канчалык денгээлде бөлөсүз?

-Менин үй-бүлөмөн тышкары жашоом жок. Жумуштан сырткары эмне менен алек болбосом дагы, эс алуубу, спортпу, баарын үй-бүлөм менен чогуу өткөргөнгө аракет кьшам. Үйдө келиним бар болсо дагы кан­дай гана үй кызматы болбосун жардам берем. Колумдан баары келет. Көп адам ишенбейт. Бирок, туутан-туушкандарым, кайын журтум, теңтуш досторум аны жакшы билишет.

Жашоонун маңызы эмне деп ойлойсуз?

-Жашоомдун маңызы бул – менин балдарым. Кандай гана кадамга барбайын, балдарымдын алдында абийирим таза болсо деп жашайм. Кээде алар «бизге такыр карабаңыз, биздин гана тынччылыгыбызды ойлогонго сиздин акыңыз жок» дегенде катуу толкунданам. Жашоом­дун дагы бир маңызы бул – үзүрлүү эмгек. Өзүңдөн кийин жакшы сөз, түбөлүк из калтыруу. Кийин «бул адамга таянса болот эле, өзүмдүн өмүрүмдү дагы ушу адамга ишенмекмин» деген сөзгө ээ болуш үчүн адам бүт өмүрүн таза жашоо менен талыкпас эмгекке арнаш керек деп ойлойм.

Кайгырып, же маанайыңыз түшкөндө сырыңызды кимге айтасыз?

-Эң жакын асыл адамдарыма – апама ишенем биринчи, анан жолдошума, балдарыма, кээде жакын досторума…

Булак: “Азия ньюс”

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: