Menu

Бишкек ИИБ Орусия элчилигин жол кырсыгын иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы орус дипломаты катышкан, адам өлүмү менен коштолгон автокырсыкты иликтөөгө көмөктөшүүнү өтүнүп, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жолдоду. Бул тууралуу Бишкек ИИБнан маалымдашты.

16-февралда Бишкекте Орусия элчилигинин Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагылышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас кызыл жарыктан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган. Кырсыктан «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу, кыргыз жараны Евгений Лексин каза тапкан. Орус дипломаты Виктор Пухов да ооруканага түшкөн. Аны менен бирге “Роснефть” компаниясынын жетекчи орунбасары Игорь Рясный да болгон. Экөө Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланууда.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылган.

Маркумдун жакындары дипломатиялык өкүлчүлүктөн эч ким алардын абалын сурабай койгонуна нааразы болууда. Элчилик болсо, жабыркаган тарап менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: