Хатлон облустук соту тарабынан тоонун чокусуна «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун желегин илгендиги үчүн Нурек шаарындагы Киблаи айылынын үч тургуну 3 жылга эрктеринен ажыратылышты.
Соттун маалыматына караганда, Сайфиддин Азимов, Манучехр Ёров жана Ибрагим Мирзоев 2015-жылдын июнунда, «кылмыштуу кылык-жоругунан» бир нече күн өткөндөн кийин кармалган. Аларга карата экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Киблаи айылынын башчысы Сироджидин Махмудовдун айтымында, өспүрүмдөр кармалганга чейин сакал коюп, башка курдаштарынан айырмаланып келишкен.
2015-жылы августта өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Ислам мамлекети» тобуна берилгендигин билдирип, шаардын борборуна кара желек илген Нуректин 13 тургуну кармалганын билдирген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ