Menu

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 667 бизнес-долбоорго 202 млн. доллар акча бердик дейт

Бөлүшүү:

Ишкердикке концептуалдык шарт түзүү – инвесторлорго багыт берүү,  ишкердүүлүк жана республика аймактарынын ар түрдүү тармактарынын  инфраструктурасын  өнүктүрүүгө болгон мамиле. Бул тууралуу 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдар аралыгындагы аймактык саясаты Концепциясынын долбоорун сунуштаган жумушчу кеңешмеде экономика министринин орун басары  Данияр Иманалиев билдирди.

Данияр Иманалиев   акыркы жыйырма жылдагы анализ көрсөткөндөй, аймактарды өнүктүрүүгө болгон комплекстүү жана натыйжалуу  иш чаралардын болбогондугун жана жер-жерлерде калктын социалдык жашоосун жакшыртуу боюнча тапшырмалардын натыйжасыз чечилгендигин белгиледи.

Ал белгилегендей, аймактык саясат концепциясынын долбоору калктуу пункттардын жана аймактардын өнүктүрүүгө карата деталдуу программаны даярдоо максатында иштелип чыккан.

Экономика министринин орун басары ошондой эле аймактарды өнүктүрүүнүн көп тармактуулугуна токтолуп, негизги функциялар боюнча максаттар аныкталганын  билдирди.

«Социалдык пландар жашоого жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жана калктын турмуш жыргалчылыгын жогорулатуу, демографиялык – кеңейтилген кайталап өндүрүү дени сак адамдардын, экономикалык – киреше жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө, экологиялык – курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна, маданияттуу- аймактарда маданий форумдардын көп тармактуулугун жайылтууга багытталган», – деди Данияр Иманалиев.

Аймактык саясат Концепциясын бекиткенден кийин тандалган ар бир шаарга жана айылдык пунктка бизнес-пландоонун принциптери боюнча өнүктүрүү программасы иштелип чыгат.

Концепциянын долбоорун сунуштоодо Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов фон аймактык долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирди.

«Каржылоодогу ири  тармактардын катарында айыл чарбасы турат. Ошондой эле приоритеттүү багыттардан болуп, аймактардын инфраструктураларын колдоо болуп саналат. Биз облустардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө даярбыз», – деди Кубанычбек Кулматов.

Анын маалыматында бүгүнкү күндө Фонд тарабынан 202 млн. доллардык 667 бизнес-долбоор жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: