Menu

Порошенко АКШ бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөргө канааттанганын билдирди

Бөлүшүү:

Украина президенти Петр Порошенко АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен болгон сүйлөшүүлөргө канааттанганын билдирди. Буга чейин Трамп Орусия менен мамилесин оңдоого аракет кылат деген божомолдор айтылып келген.

22-февралда Порошенко АКШнын президенти Дональд Трамп, мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана вице-президенти Майк Пенс менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин оптимисттик сезимдер пайда болгонун айтты.

“Биз көпүрө куруп жатканыбызга, АКШ президентинин администрациясы менен сүйлөшүүбүз жакшы башталганына кубанычтабыз”,-деди ал.

Украин лидери бул билдирүүсүн өлкө чыгышындагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча кезектеги ийгиликсиз аракеттерден кийин жасады.

Европалык өнөктөштөр ок атпоо режими сакталбай, тынчсызданууларды жаратып жатканын билдиришкен. Алар тынчтык жараянынын үзгүлтүккө учурашына берген убадаларын аткарбаган тараптар жооптуу экенин белгилешкен.

Орусия менен Украина согуш талаасынан оор куралдарды чыгарып кетүүнү убадалашкан. Макулдашуу 19-февралда күчүнө кирмек, бирок ок атышуу токтогон жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: