Өзбекстандын Фергана шаарындагы азот жер семирткичтерин жана башка химикаттарды өндүргөн “Ферганаазот” заводунда жарылуу болуп, бир нече адам курман болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, жарылуу 23-февраль күнү болжол менен саат 16.30дарда, заводдун аммиак сакталган цехинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткан маалда болгон. Анда бир нече адам мерт кеткени кабарланууда.
Кырсыктын себебин иликтөө жана жабыркаганардын жакындарына жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандардын так саны белгисиз.
«Ферганаазот» – Өзбекстандагы азот жер семирткичтерин өндүргөн ири ишкана. Завод жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ