Menu

Бабанов Сарпашевдин сазайын бере алабы?

Бөлүшүү:

Өч, кек деген жаман нерсе экени анык. Бирок ошол эле маалда кара мүртөздүккө да жооп бербей коюуга болбойт эмеспи. Эгер жообу жок болсо, кара мүртөздүк күч алып олтуруп, жетээр чегинен ашып кетээри турган иш. Дегеним, эсиңерде Өмүрбек Бабанов 2012-жылы өкмөт башчы болуп турганында бир топ райондордун акимдерин алмаштырып, «Республика» партиясынын адамдарын жетекчиликке алып келген. Аныгында, ал акимдер деле өз учурунда түзүк эле иштеп беришти. Кийин Бабанов өкмөт башчылыктан кеткен соң биринчи-вице-премьер болуп келген Тайырбек Сарпашев деген талтаңбай Бабановдун аким­дерин тазалаган жайы бар. Өз короосунан кочкор коюу жөрөлгөсү менен. Ошондо кеги ичинде калып калганбы, Өмүрбек Токтогулович бүгүн Сарпашевдин артынан сая түшүп жүрүп кызматтан алып тынды. Албетте, кызматтан алуу менен эле маселе чечилип калбасы анык. Эгер маалыматтарда айтылгандай, Сар­пашев таптакыр тайраңдап кеткени анык болсо, Бабанов мырза эрдик кылса сүрө кылып, Сарпашевдин ишине укуктук баа бердире алаар бекен? Арийне кыргыз чиновниктери жеп-ичип алып эле кызматтан кетүү менен чектелип, укуктук жана моралдык жоопкерчилик дегенден кутулуп кетишчүэле.

 Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: