Кыргыз жергеси мал киндиктүү деп айтылып келет. Керилген керемет жери бар Ала-Too койну мал менен көркүнө чыгып турганы да анык. Баягы «бакпасаң мал кетет» дегендей эле малды да кароо, караганда да аны заманбап эмдөө жааты олуттуу маселе. Ооба, муну айтып чыккандар жок эмес. Атургай, ветеринария тармагыбыздын тамтыгы чыгып бүткөнүн айтып атып тилибиз тешилди. Аталган тармактын жетекчиси Жумаканов Калысбек деген мурдун балта кеспеген неме экен. Карапайым калктын малы ар түркүн ылаң менен ооруп, материалдык чыгымга учурап жатканы факты болсо да
күнөөсүн моюнуна алып иш алып баргандын ордуна күнүгө бир калпты айтып олтурганы олтурган. Маселен, өткөн күз айларында бардык мал-жандыктар эмдөөдөн өттү деп ооз көптүрдү эле, жыйынтыгында өлкөбүздүн бардык аймактарында бээлер кулун салды. Же жалганбы? Ал эми «бодо малдарды идентификациялоо жүрүп жатат, бүгүнкү күндө 50 миңден ашык жандыкты идентификацияладык» деп маек берди Жумаканов. А бүгүнкү күндө идентификацияланган малдын саны 34 миңге араң жетти. Кудайды бир карап калп айтсаңыз боло, Калысбек мырза!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ