Menu

Президент Алмазбек Атамбаев «Боинг-747» учагынын кыйрашынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү боюнча Өкмөттүн маалыматын укту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-февралда өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алып, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ конушунда жүк ташуучу «Боинг-747» учагынын кыйрашынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү боюнча Өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Дача СУ конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралу маалымат берилди. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак-жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.

Мухамметкалый Абулгазиев андан тышкары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам берүү, чыгымдарды өндүрүү жагында колдоо көрсөтүү маселелеринин чечилиши тууралу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бул каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, бир дагы адам мамлекеттин көӊүл сыртында калууга тийиш эмес.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: