Menu

Адилет Айтикеев, бозгун журналист: “Кечээ эле Атамбаевди коргоп, Дайыр Орунбеков экөөбүздү “өрдөк” атагандар бүгүн Атамбаевге каршы “баатыр” болуп чыга келишти”

Бөлүшүү:

“Келемиштер” парады…

2004-жылдын аягында Акаевдин 40 чакты оппозиционер саясатчысы бар эле, парламенттин ичиндегиси жана көчөдөгүсү кошулуп. Ошон үчүн Феликс Кулов аларды “бир автобуска толбогон оппозиция” деп атаган. Анан эле Акаев бийликтен кетет деген 2005-жылдын башында оппозициянын катары уурулар, жарым уурулар, эки жүздүү, хамелеон кейиптенген бандит, экс чиновник, олигарх аттуу “келемиштерге” жык толду. Азыр төш кагып, өзүн илгертен берки оппозиционер катары сүрөттөп жүргөн акылмандардын бир тобу 2005-жылдагы тополоңдо топко кошулгандар. Анан “Акаевди мен кетирдим!” деп төш каккандарга Ак үйү да, көк үйү да жык толду. Теледен беттерин табактай кылып Акаев Кыргызстанды кандайча тупикке такаганын саймедирегендер экрандын бетин бербей күпүлдөгөндө алардан уялганымдан кирерге тешик таппай калчумун.

Анан Бакиевдин 2007-2010-катаал жылдарында деле оппозициямын деп ачык көчөгө чыккандар деле бир автобуска толчу эмес. Ошондо жаштардан Ренат Самудинов, Калысбек Боронбаев, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов, Аджиев Мирзат, Каныбек Сарымсаков, Наргиза Абдылдаева, Дайырбек Орунбеков, Айсулуу Алымбек кызы, Гүлшайыр Абдирасулова, Тимур Шайхутдинов (Angee Lyaro) ж.б жигит-кыздар жүрүшчү. Мен болсо 3 жыл бою үй камагында, СИЗОдо шарттуу жаза мөөнөтүмдү өтөп, бир аймактан экинчи аймакка барыш үчүн дагы укук коргоо органдарынын уруксатын күтүп, көрбөгөн азап калбады. Ошондуктан “Я не верю!” ж.б кыймылдарга активдүү катыша албадым.

Анан эле 7-апрель күнү баягы жаштар калып, “жаандан кийинки козу карындай” болуп баатырлар чыкты. “Революцияны мен жасадым!” деп, адамдар өлүп, онтоп жаткан маалда “Замана” студиясынын эфиринен бакылдагандардын армиясы түзүлдү. Анан баатырлардан жер жайнап, бүгүнкү күнгө чейин төш кагып жүргөндөр бар.

Эми карагыла, кудум эле ошондой картина. Негизи эле саясаттын табияты да, тас кейпи да мындан артык болбойт экен. Мындан 1-2 жыл мурда эле Атамбаевди катуураак чымчып койсоң ал үчүн жардан секирип, танкага тебеленгенге да кайыл өңдөнүп догурунуп жүргөндөрдүн баары бүгүн “баатыр!” болуп чыгып жатат. Анткени жакында бийлик алмашат, Атамбаев кетет, балким катуураак кыйкырып койсо кийинки бийлик анысын эске алып, анча-мынча устукан берээр. Дайыр экөөбүздү “өрдөк” атап, өздөрү “өрдөктү” пачкалап учуруп жүргөндөр да тоо томкоргонго даяр болуп суксуңдап калышыптыр. Бул кейпи менен эртен Кожобек менен Чыныбай деле оппозиционер болуп чыкса таң калбагыла.

Андан көрө “Октябрь баатыры”, же ноябрь, “Декабрь баатыры” болобу, айтор жаны төш белгиге сынак жарыялай берели… “Баатырлар” даяр болуп калышты…

Адилет Айтикеев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: