Menu

Жерүй кени элдикиби же меники элеби?

Бөлүшүү:

Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман демекчи, айта берип тил тешилди. Жогорку кеңештин депутаттарына деле баары бир окшобойбу? Кайдагы маселелерди публика үчүн, өзүнүн эптеп милдети катары көтөрүшөт да, элдик маселелерди, мамлекеттик деңгээлдеги иштерде илбериңки тартып калышат.

Канча жолу ЖК жыйын курбасын, Жерүй маселесине бир кайрылып кызыккан жан болгон жок. Жазгы талаа иштери менен бирге жазда башталат деген Жерүй кени деле мамлекет үчүн, депутаттар үчүн, эл үчүн негизги маселелердин бири го деп ойлойм. Анда эмнеге өкмөт, депутаттар бул маселеге кайдыгер кароодо? Жерүй кени конкурстун шарты менен “Восток геолдо- быча” деген оруссиялык компаниянын колуна өтүп жаткан кезде, биздин бир топ шарттарыбызга макулдугун берген компания кенди иштетүүгө бел байлаганы белгилүү эмеспи. Бирок, ошол шарттардын айрымдарын аткарбаган компанияны калкалап, колубуздагы оокатыбызды жулдуруп турганыбыз адилеттикпи? Конкурстун шартына ылайык утуп чыккан компания аз мөөнөттүн ичинде өзүнүн кен иштетүүчү долбоорун жазып бүтүп, кенди казууну ыкчамдатуу керек болчу. Эгер долбоор белгиленген мөөнөттөн кечиктирилсе, компания Кыргызстандын пайдасына ар бир айы үчүн 100 миң АКШ акчасын төлөп берүүгө тийиш эле. Менимче, өз убадаларына тура албаган компания долбоорду ушул кезге чейин бүткөрө албай, улам бир шылтоо менен ушул кезге чейин келди. Айтылган күнүнөн 6-7 ай артка калтырды. Демек, тиешелүү компания мамлекеттин пайдасы үчүн 600-700 миң АКШ акчасын төлөп берүүгө тийиш болчу. Бирок, “курсагы ток” кыргыз бийлиги бул тууралуу ооз ачайын дебейт. Колдорунда турган акчаларды өндүрүп алуунун камын эмес, алардын илбериңки ишинин адвокаты болуп 6 долбоорунун 4төөсү жактырылды, жакында баарын бүтүрөт деп компанияны коргогонго өтүштү. Эл деп жер сабаган бир депутат “не болатыр” дегенге жарабайт. Бул тууралуу мен Дүйшөнбек Зилалиев агам да ооз ача­йын дебейт. Эшеги суудан өтө элек кезде Дүйшөкени көрсөңөр көзүңөр ачылмак. “Бир күн да күтө албайбыз, бир күн кечиктирилсе кечирип коюшсун” деген Зилалиев бүгүн “мындай ири өндүрүштүн долбоорун даярдоо оңой олтоң иш эмес экен”-деп баарыбызга …эмизе баштады. Эл жонунан кайыш тилип энергия үчүн, капысынан калып калган, телефону жок заряддагычтын жөн эле сайылып турганы үчүн да эсеп чыкылдаткан акылдуу эсептегич коюп, санарипти киргизип (эми сапат жагынан жакшы эле экен) аны да ар бир жылга 1500 сом деп сатып (мүмкүн) нысапсыз байыганча, ошол акчаларды өндүрүүнүн камын көрбөгөндөргө Рахмат дей алабызбы? Сыягы, Жерүй кени деле Зилалиев ортодо “оюнчукка”айланган, жогорку “океандардын” бүтпөс акча оюндарыбы деген да ойго келип такаласың. Д.Зилалиев “Азаттыка” берген маегинде баштагы дымагынан тайбай, “эгер компания оз убадаларына турбаса, биз компаниядан 100 миң АКШ акчасын өндүрүүгө муктаж болобуз”-деген эле. “Азаттык” бул маекти басып чыкты. Айрым сайттар да айтып калгандай болду. Кызыгы көп убакыт өтпөй, берилген маек сайттардан заматта тазаланды. Демек, иттин өлүгү кайда катылганы да белгилүү. Итти бурчка такай берсен, өзүңө секиргенден башка аргасы канча?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: