Menu

Өрдөктү эмес өлкөнү уурдап баратат, кароолчулар кайда?  

Бөлүшүү:

«Коррупция» деп канчалык дүмпүлдөгөнүбүз менен, аныбыз көп учурда жөн гана курe дүрмөт болуп, ал тургай «коррупция менен күрөшөбүз» деген сөздөргө эл ишенмек турсун тескерисинче ирээнжий баштады.

Мындан беш жарым жыл мурун болсо керек, А.Атамбаев Жогорку Кеңешке келип жалаң колу туткактардын айынан экономикага оңбогондой зыян келтирилип жатканын айтып катуу түтөгөн. Мамлекеттин бир жылдык бюджетинин үчтөн бир бөлүгүнөн ашуун акчалар уурдалып кетип жатканын жар салган. Албетте, бул кагаз жүзүнө түшүрүлгөн гана суммалар, көзгө көрүнүп калган фактылар. Ал эми документти айланып тетири жакка тегеренип кеткен пулдар канча. Кор­рупция демекчи, А.Атамбаев парламентте сүйлөгөн ошол сөзүнөн көп өтпөй коррупцияга каршы согуш жарыялаган эле. Ошондо өлкө башчысы: «Биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болуп, мам­лекеттин жана жарандардын бардык күч аракетин жокко чыгарып жаткан коррупцияны сөзсүз жеңүүбүз керек! Эгерде бул кесепетке чечкиндүү күрөш ачып каршы турбасак, анда Кыргызстан далайга чейин дүйнөлүк өнүгүүнүн чаңында калып, калктын орчундуу бөлүгү жакыр бойдон кала берет” деген.Сөзүнүн соңунда “мамле­кеттин жазалоочу кылычы жөн гана чымынды өлтүрө турган таякчага айланып калбашы керек” деген кебин да айткан эле. Бирок, азыр бычакты же макини эмес, мамлекеттин өзүн кошо уурдап бараткандай көрүнүштөр болуп жатат го? Ошондо, А.Атамбаев айткандагыдай мамлекеттин жазалоочу кылычы чыны менен чымын­ды эле өлтүрө турган таякчага айланып калдыбы? Болбосо, өлкөнүн казынасынын 25 пайызын толтурат деген бажы тармагындагы миллион дагы эмес, миллиарддап “сугунган” көрүнүштөр туурасында катардагы жаран эмес, колтойгон парламенттик трибунада болгондо да факт түрүндө жарым жылдан бери айтылып жатат.

Коррупцияга каршы күрөшкөн укуругу узундар эмнеге ошол бажы тармагындагы алардын мыйзамсыз аракеттерине, алардын сыйкырлуу жолдор менен салынып жаткан хан сарайлары, мейманкана жана башка табылгаларына кызыгып көрүшпөйт? Же андайлар менен Кытайдын «супер клейиндей» чапташып, өздөрү кошо небак эле табакташ болуп алышканбы? Мындай көрүнүштөр жалгыз эле бажы тармагында эмес.башка коррупция менен күрөшкөң органдардын көмүскөсүндө да былгып жаткан жок деп эч ким деле айта албай калды.

Антүүгө шек жаратканы, ошол эле парламентте «Бир бол» фракциясынын башчысы А.Сулаймановдун «экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн органдардын башчыларын айтпайлы,катардагы кызматкерлери эле кандай машине минип,кандай үйлөрдө жашап жатканы көптөгөн суроолорду жаратып жатпайбы» дегениндей пикирине да кошулбай коё албайсың.

Кечээ жакында болсо ал­тын менен шугулданган түрк ишкери жер планетасында эң ири киреше алып келген продукциялардын бири болгон алтын Кыргызстандан кандай жол менен мыйзамсыз чыгарылып кетип жаткан «схеманы» кыргыз коомчулугуна жар салды.Болгондо да ошол «алтын махинациясынын» башында мамлекетибиздин коопсуздугун коргоодо түздөн-түз милдеттүү болгон Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин кызматкерлери тургандыгы айтылды.Алтын демекчи, ушундан улам (мындан төрт жыл мурун )Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси каралып жатканда андагы «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Бедеш Мамырова айткан бир окуя эске түшөт. Ал тууралуу эскерсек мындай: 2011-жылы Туркияда жер титирөө болуп,Кыргызстан ал өлкөгө гумжардам жөнөтмөк болот.Бирок, ЖК депутаты Садыр Жапаров ошол гумжар­дам менен кошо 3 тонна алтын чыгарылып кетип жатканы жөнүндө маалыматты угуп аэропортко барат. Ал жактагылар ар кандай шылтоолорду айтып “самолет учпай калды” болуп Жапаров кайра артка кетет.Эртеси кайра барат. Анда да шылтоолор айтылып, депутат кеткен соң учак түн жамынып Турцияга учуп кетет.Ал жактан жакшынакай эле конуп,анан негедир жылып баратып катарында турган башка бир самолеттун канатын кагып алат.Ушул шылтоо менен Кыргызстан­дан барган учак атайы ангарга киргизилип.жүк ошол жерден (жабык эшик артында) тушурулуп калат.Бул маалымат парламент трибунасынан айтылган.Ал учурда болсо С.Жапаров “Ак үйдүн тосмосун аттап өттү” делип абакта жаткан.Ошондо Б.Мамырова:“Ушул маалыматтарды С.Жапаров кайдан билген? Келгиле.чын-бышыгын анын өз оозунан угуп көрбөйлүбү?”- деген сунушун айткан менен негедир абактагы депутатты алып келүүге жол берилген эмес.Ошентип, Италиялык мафиянын жоруктарынан да ашып кеткендей болгон ошол 3 тонна алтын тууралуу окуя жөн эле имиш же чыр иш экени аныкталбай ачылган суроо бойдон калган…Кыскасы, жо­горку айтылган ойлорубузду түрмөктөсөк азыр өрдөк эмес, өлкөнүн өзүн уурдап кетчү “уурулар” өтө эле көбөйүп бараткандай ой жаралат.Анан да коррупция менен күрөшүп жаткандар “коррупционерлерди” мектеп менен бала бакчалардан издегендерине күйбөгөн жериң күл болот экен…

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: