Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу, эксперт: “Илим Карыпбековду бийлик колдонуп бүткөндөн кийин баары бир кетирет”  

Бөлүшүү:

 

Сабыр мырза, сиздин КТРКнын Байкоочу Кеңешинен чыгып кеткениңиз соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Байкоочу Кеңештин жарамсыз болуп калганын көпчүлүк моюндаганы менен, айрымдар тараарга эки ай калганда кеткениңизди сындап жатышат. Илим Карыпбеков  “кайдагы принципиалдуулук, 4-5 жыл мурун кетсе ким кой дептир, эки ай калганда… бул жөн эле пиар, шоу, ичкен кудугуна түкүрдү”- деп жатат го?

—КТРКнын Байкоочу Кеңешинин курамына шайланып, беш жылча иштегениме мен сыймыктанам. Биз Кыргызстанда болуп көрбөгөн иштерди биринчи ирет ишке ашырдык. Буга чейин КТРдин башкы директорун президент дайындоочу эмес беле. Биз эки директорду кызматтан алып, үчөөнү конкурс менен дайындадык. Каналдын даана коомдук болушуна зор салым кошуп, кара пиарды, калпты, бир жактуулукту кескин кыскартууга жетишип, ошондой фактылар болгондо катуу туруп жаттык. Былтыр жайында эле Илим Карыпбековго сөгүш бергенбиз. Тилекке каршы, акыркы эки айда Байкоочу Кеңеш чогулуш өткөрө албай, чечим кабыл ала албай калган деңгээлге түштү. Байкоочу Кеңештин айрым, жеке кызыкчылыктарын канаттандырууну көздөгөн мүчөлөрүн башкы ди­ректор саботаж кылып, кворум болбой жатты. Акырында 16-февралда эптеп чогулсак, күн тартибине өзүбөз түзгөн комиссиянын справкасын киргизе албайбыз… Ошондо түшүндүм Байкоочу Кеңештин өлгөнүн. БОМЖ өлсө деле тууган-туушканын издеп кабар берет го? Анан демократияны нормаларын бекемдейт деген бакандай болгон Бай­коочу Кеңеш өлүп атса, мен кантип элге айтпай коём. Бул жерде менин кеткеним-кетпегеним маанилүү эмес. Маселе Байкоочу Кеңештин жарамсыз болуп калганында… “Мурунтан эмне кетпейт”- дегендер болуп жатат. Чынында мурун Байкоочу Кеңеш тирүү болчубуз, күпүлдөп иштеп, сөгүш берип атканбыз, ошон үчүн кетпегеним кимге түшүнүксүз? Азыр деле айрым коллегалар: “Сабыр, эки ай калыптыр, унчукпай отуруп туралы, тынч эле кетели, билгендерин кылышсын”- де­гендер да болду. Мен “кой болбойт, эл билсин, чогуу эле тарап кетели”- деп айттым. Колдоо болгон жок. Ошондон кийин гана элге БайкоочуКеңеш мыйзам чегиндеги озуйпасын аткарууга жарам­сыз болуп калганын – өлгөнүн жарыя кылдым.

“Ичкен кудука түкүрдү” дегендерге кандай жооп бересиз?

—Коомдук каналдын Бай­коочу Кеңеши маяна албайт. Биз коомдук башталышта иш алып барабыз. Биз акыркы беш жылда коомдук каналга колдоо келген салымыбызды жасадык. “Кудуктан ичип жа­тат” деп баш директор Илим Карыпбековду айтсак болот. Маяна, сыйлык алат. Анан ичкенин актабай КТРКны кайрадан “кара жашик” кылган Илим түкүрмөк тургай сийип – чычып атабы? Же ким… эл көрүп турат. Мунун

арты жакшы болбойт. Акыры жооп берет.

Эми Коомдук каналдын Байкоочу Кенеши эмне кылышы керек?

—Эми алар өздөрү билишсин. Тымпыйып, эки ай чыдап тарашабы, же чыйралып комиссиянын справ­касын карап чечим кабыл алышабы, аны убакыт көрсөтөт. “Тирүү болуп төрдө, өлүк болуп көрдө” жок болгончо, жок дегенде саботаж жасап, Байкоочу Кеңештин ишин токтотуп, коомдук каналды өлтүрүүгө салым кошуп жаткандардын аттарын аташса, жүздөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Акыркы эки-үч айда КТРКда каралоо, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтуу өнөкөткө айланып кеткени коомчулук тарабынан катуу талкууга алынып, коомдук каналга болгон ишеним кескин төмөндөп баратат. Башкы директор өзү журналисттин ролун аткарып, эфирге чыга калып, кара пиарды жүргүзүп жатканын көрүп атабыз. Кандай дейсиз, коомдук канал куруу аракетибизге чекит коюлду десек болобу?

—Чекит коюлбашы керек. Үмүт үзүлбөшү керек. Азыркы болбосо, кийинки, же андан кийинки Байкоочу Кеңеш туура багытта ишти улантат деп ишенем. Анткени, мыйзам турат. Пар­ламент бар. Илим Карыпбеков болсо ошентип далбастап эфирге чыга калып, бийликтин камчысын чаап, мыйзамга, элдин тилегине түкүрүп жатканынын сыры деле жөнөкөй. “Мен силер мененмин, силердин оппоненттериңерди согуп атам, силер үчүн балээге калдым, мени эстен чыгарбагыла”- деп далбастап жатпайбы. Бирок, бийлик колдонуп бүткөндөн кийин баары бир кетирет. Же бийлик алмашканда кетет. Акыры кетет. Кеп анын кеткенинде деле эмес. Кеп Илимдин эл алдында жүзү карарып калганында деле эмес. Кеп келечекке карай умтулуп адилеттүү, демократиялык мамлекет курабыз деген  жолубуздагы акыйкаттык менен чындыкты камсыздай турган негизги институттарыбыздын бирине кумалак чычып салганында болуп атпайбы!

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: