Бүгүн, 25-февралдын түнүндө бозгундагы оппозициялык журналист Адидет Айтикеевдин жубайынын Бишкектин Жал кичи районундагы үйүнүн алдында турган жеңил машинасынын алдыңкы жана арткы айнектерин талкалап, төрт дөңгөлөгүн бычак менен жарып кетишкен. Бул тууралу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору Адил Турдукулов билдирди.
“Бозгунда жүрсө да бийликти аёосуз сындап келаткан Адилет Айтикеевке бул үй бүлөөсү аркылуу эскертүү болушу мүмкүн. Айтикеев Кыргызстандан чыгып кеткиче бул машинаны өзү айдап жүрчү, андан кийин жубайы айдап калган”, – дейт дагы бир оппозициялык журналист Дайырбек Орунбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ