Menu

Түндө Австриядан учуп келген Өмүрбек Текебаев аэропорттон кармалып, УКМКга алынып кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-февралда түнкү саат 03.00.дөрдө Австриядан, эл аралык парламенттик жыйындан кайтып учуп келген КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Манас” аэропортунда укук коргоо органдары тарабынан кармалып, УКМКга алынып кетти.

Кечээ, 25-февралда КР Генералдык прокуратурасы Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевге каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-алдамчылык жана 303-коррупция беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Россиялык бизнесмен, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский КР Генпрокуратурасына арыз менен кайрылып, депутат Өмүрбек Текебаевге каршы чара көрүүнү суранган. Анын айтымында 2010-жылы КР Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев “Мегаком” (“Альфа-Телеком”) компаниясын силерге алып берем деп андан 1 миллион АКШ долларын алып, бирок “Мегаком” компаниясын алып бере алган эмес. Убада кылган ишин аткара албай койгондон кийин 7 жылдан бери 1 миллион доллар акчасын да кайтарып бербей койгон. Акчаны кайтаруу боюнча талап кыла баштаганда коркутууга өткөн.

Бул окуяны бир нече жылдан бери атамекенчи экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов массалык маалымат каражаттарында жарыялап жүрчү. Бирок укук коргоо органдары мурун кызыгышпай келишкен.

Кылмыш ишин иликтөөнүү Генпрокуратура УКМКнын тергөө бөлүмүнө тапшырып, тергөөчүлөр Леонид Маевскийден жана күбө Алексей Модинден видеокөрсөтмө да жаздырып алышкан.

“Белизгейт” ишке ашпай калгандан кийин бийлик экс-атамекенчи Өмүрбек Абдрахмановдун версиясы боюнча иликтөөнү баштап, кылмыш ишин козгогону көрүнүп турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: