Menu

Фергана заводундагы аммиак газынын жарылуусу алты кишинин өмүрүн алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана шаарындагы “Фергана азот” химиялык заводундагы жарылууга аммиак газы себеп болгон. Кырсыктан алты киши мерт болуп, бирөө оор абалда ооруканага түштү.

– Аммиак цехинде оңдоо иштери болуп жаткан. Курулмадан аммиак газы сызылып чыгып, ошол жердеги ширетүүчүнүн учкунуна чагылып, чоң жарылуу болгон, – деди акимчилик өкүлдөрүнүн бири.

Бирок Фергана облусунун Маргилан шаарынын мечитинин имамы жума намаз учурунда сегиз кишинин өлгөнүн билдирип, аларга багыштап куран окуганы айтылууда.

Буга чейин кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Мерт болгондордун жакындарына кенемте төлөп берүү маселеси каралууда.

1958-жылы ачылган «Фергана азот» – Өзбекстандагы азот жер семирткичтерин өндүргөн ири ишкана. Завод жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: