Menu

Роза Отунбаева депутат Өмүрбек Текебаевдин камактан бошотулушун талап кылып билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер!
Урматтуу Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары!
Урматтуу саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлери!

Мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти учактан түшө бериште ага тагылып жаткан айыптоолорго шайкеш келбей тургандай орой күч колдонуу менен эл аралык террористти кармагандай кылып камакка алынышы өлкөдө бийликтин биратоло кубулуп кеткенин далилдейт. Камакка алуу фактысы гана эмес, андан кийинки маалымат каражаттары аркылуу адамды болуп көрбөгөндөй каралоону дагы саясий куугунтук деп айтууга толук негиз бар. Мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу күмөндүү күбөлөрдүн айткандары массалык түрдө тынымсыз таңууланууда. Бул ар бир жарандын күнөөсү далилденгенге чейин ал күнөөсүз деген мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдикти тануу. Бул анык саясий куугунтук!
Өмүрбек Текебаев эркин Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө эбегейсиз зор салып кошо алды, акыркы чейрек кылымда каармандык менен, кай бир учурларда өз өмүрүн тобокелге салуу менен үйбүлүлүк-кландык башкарууга каршы күрөштү. Өлкөдө демократиялык дөөлөттөрдүн бекемделишине андан көп салып кошкон адамды аташ кыйын. Ал көз карашы, билими жана өлкөдөгү парламентаризмдин келечегин жакшы көрө билгендиги менен айырмаланып турган саясатчы. Эл аны акыйкаттык үчүн талыкпай күрөшкөн инсан катары билет, сыйлайт. Коомчулуктун Өмүрбек Текебаевди тезинен камактан бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу талабы адилеттүү талап.

Урматтуу мекендештер!

Коомдогу авалды бийлик жана алардын жан жөкөрлөрү эмне максатта ушундай курчутуп жатышат, өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирүү кимге керек, мындай иштер кимге пайдалуу, эмне үчүн коррупцияга каршы күрөш тандамал болуп, саясий каршылаштарга гана карата жүргүзүлүп жатат деген суроолор мени, от болуп күйүп турган эң катаал 2010-жылы жоопкерчиликти моюнга алып мамлекет башында турган адам катары катуу бушайман кылууда. Үстүбүздөгү жыл биз үчүн өзгөчө тарыхый жыл. Быйыл таза жана эркин шайлоо аркылуу өлкө башчы тандалууга тийиш, иштеп жаткан президент жаңы шайланган президентке экинчи жолу тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүсү абзел.
2002-жылы Аксы районунун Боспиек айылында, 2010-жылы “Ала-Тоо” аянтында мекенчил жарандарыбыз Кыргызстанда кайрадан полициялык өзүм билемдик, саясий оппоненттерди күч менен басуу өнөкөтү орносун деп өз жандарын кыйбаса керек, алар өз өмүрлөрүн жаркын келечек үчүн, ар бирибиздин бакубат жашообуз үчүн беришкен. 2005-жылдын март айында, 2010-жылдын апрель айында эл Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык башкаруусуна каршы күрөшкө чыккан, бийликти жеке ээлеп алууну, укуктук башаламандыкты, соттук өзүм билемдикти чечкиндүү түрдө четке каккан.

Урматтуу саясий партиялардын жана кыймылдардын лидерлери!
Урматтуу Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары!

Биз бүгүн саясий талаштарга жана тирешүүлөргө такалып туруп калдык, коомдогу ажырым күн санап өсүүдө. Келишпес каршылаштыкты жана кайчы пикирлерге карата терс мамилелерди бийликтин өзү шыкактап жатканы өкүнүчтүү. Бийликти жоопкерчиликке жана эстүүлүккө чакырат элем.
Мен саясатчыларга жана коомдук активисттерге карата бийлик тарабынан жасалып жаткан репрессияларды биргелешкен аракет менен токтотууга, өлкөнү кайрадан башаламандыкка жана укуктук өзүм билемдикке кайрууга жол бербөөгө барыңарды чакырам. Президенттик шайлоолордун алдында барыңарды жарандык жоопкерчиликке, кыраакылыкка жана сабырдуулукка чакырам. Ошону менен бирге өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалды талдоо, өз келечегибизди баамдоо максатында бардык саясий күчтөргө коомдук диалогдорду баштоо, кеңири саясий консультацияларды уюшутуруу керек деп кайрылам.
Биз жүздөгөн мекендештерибиздин өмүрү менен жетишилген укуктар менен эркиндиктерди коргоп калуубуз керек, келе жаткан шайлоого карата жалпы жарандык платформаны түзүүбүз зарыл.

Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти
Отунбаева Р.И.
27- февраль 2017-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: