Маркум өзбек президенти Ислам Каримов Аскар Акаевдин качып кеткенин угуп, “Кыргызстан менин элим болгондо алаканыма салып багып алат элем” деп каңырыгы түтөп арман кылган экен. Ушундай эле ойду бизге баскынчы катары белгилүү Адольф Гитлер да “эгер мен орустарды жеңсем, кыргыздарды Кызыл аянттагы параддан өткөрөм” деп кыргыз элине суктанганын жашырбай китебин жазып кеткени бар. Мына ушундай мамлекеттердин эки инсаны суктанган Кыргызстанды алаканга салып багалбай экөө качып, кийинки президенттер ар кайсы мамлекетке белчебизден карызга батырып жүрөт. Эмне деген кендин түрү жаткан жери бар кыргыз элин багалбаган президенттер иштеп жатат? Өз элине күйүп-бышкан, элим деп сүйгөн президентке ээ болгон күн келер бекен, о Жараткан!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ