Бүгүн, 27-февралда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында кечээ УКМК тарабынан камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылган митинг өтүүдө. Митингге болжол менен 500дөн ашык киши катышууда.
Эсиңерге сала кетсек, кечээ, 26-февралда таңкы саат 03.00.дө КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга алынып кеткен.
Ал эми 25-февралда КР Генералдык прокуратурасы Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевге каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-алдамчылык жана 303-коррупция беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
https://www.youtube.com/watch?v=hI3f1-te1P8
Видео: Наш Бишкек
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ