Menu

Сурамжылоо: “Депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы өлкөдөгү саясий абалды курчутушу мүмкүнбү?”

Бөлүшүү:

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:

“Ошондо Текебаевдин тагдыры бул жакта эле калышы мүмкүн”

– Маевскийдин үстүнөн кылмыш иши ачылыш керек. Ал ачыктан- ачык 1 млн. доллар пара бергем деп сайрап жатат. Кылмыш Кодексинин атайын беренеси бар “Пара берүү” деген, ошону эмне үчүн колдонбой жатышат? Кылмыш ишин ачып, анан Кыргызстандан чыгып кетүүгө тыюу салынат деп коюп анан андан ары териштире бериш керек. Себеби Текебаевге каршы иш жалгыз ушу Маевскийдин арызы менен козголуп жатат. Ал эртең Россиясына кетип калып, тергөө иштерине такыр келбей койсо эм­не кылабыз? Анан да, Маевский өзү айтып жатат, параны түз Текебаевге эмес, ортомчу кишилер аркылуу бергенбиз деп. Муну далилдеш өтө кыйын болот. Албетте, бул окуялар саясий абалды чыңалтат. Бакиевдин өзүлөрү жана алардын талапкерлери да алаканын ушалап, булар бири-бири менен тытышса сонун болот эле деп отурушат болуш керек. Мындай жагдайда Текебаевдин жактоочулары эмес, саясий реваншисттер эң опурталдуу. Бул жагдайды курчутуш үчүн алар эч нерседен аянбайт. Ошондо Текебаевдин иши жана тагдыры бул жакта эле калып калышы мүмкүн.

Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын депутаты:

Башка депутаттарга деле иш козголуп келген”

– Саясий абалдын курчуп кетпешин тиешелүү органдар көзөмөлгө алуулары керек. Элдин тынчтыгы биринчи орунда болушу шарт. Мен эл өкүлүнүн камалышын саясий куугунтук деп айта албайм. Мурунку бешинчи чакырылыштын депутаттарына деле иш козголгон. Азыркы алтынчы чакырылышта деле Өмүрбек Чиркешовичтен башкаларга деле иш ачылып жатат. Тиги же бул деп айтыш кыйын. Документтер ме­нен таанышып, талдап көргөндөн кийин гана кенен пикир билдирүү туура болот го.

Асейин Саралаев, жаш активист:

Буларга бийлик гана керек”

– Балээнин баары Кочкордон башталчу эле деп, митингден калбаган байкелерге чалсам, “Тынч эле жатабыз. Митингде балакет барбы? Текебаев жесе камалсын. Жебесе биз жок эле өзү чыгат”, – деп жооп беришти. Азыр саясий күчтөр эч кандай кошулуп, жупташып, никелешкенден эч пайда жок. Мен саясатчы сөрөйлөрдөн эки жылдан бери сотто сүйрөлгөн Карганбек Самаков агабызга мыйыгынан карал күлүп турушканда эле түңүлгөм! Буларга бийлик гана ке­рек! !! Бул саясатчылардан пайда жок! Алданбагыла!!! Андан көрө келе жаткан шайлоодо элди акчага сатылбагыла деп чакырык салып көндүрөлү. Эсиңиздеби, эл сатылбаса, эл коркпосо 2005-жылдагы Кочкордогу жана Тоңдогу феномендер кайталанып, добушту бийлик жасай албай калат! Эл өзү чечет! Эл да­гы сатылса анда сөз жок. Элдин өз шору…

 Алга Кылычов, саясий серепчи:

Митинг менен саясий өзгөрүү жасайм деген ой катачылык”

– Саясий абал же өлкөнүн туруктуулугу кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн чектелбөөгө тийиш. Өмүрбек мырза өзү өзүн баш мыйзамдын атасымын деп айтып жүргөндөй, мыйзамды сыйлап, мыйзам чегинде коррупционер же мародер эмес экенин сотто далилдеши керек. Митинг жана башаламандык ме­нен саясий өзгөрүү жасайм деген ой катачылык. Муну ар бир саясатчы билиши керек.

 Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер:

Тергөөчү дем алышта сурак албайт”

– Абалды курчутууга умтулгандар аз эмес. Текебаевдин убактылуу кармалуусун пайдаланганга аракет кылуусу ыктымал. Текебаевди бүгүн деле суракка чакырып көрсөтмө алса болмок. Бул тергөө тактикасынын катасы. Тергөөчү эч убакта дем алышта сурак жүргүзгөнгө умтулбайт. Эгер буйрук болбосо.

 Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

Текебаевдин камалышын к0лд0йбуз”

– Мискенбаев кыргыз элин экиге бөлүп жатат деп айтып келишкен. Бирок Текебаевди колдоп митингге чыккандар эл­ди бөлбөй жатабы? Өлкөбүзгө тынчтык керек. Качанкыга чейин чыдашыбыз керек? Текебаев

камалсын. Ал саясатчы эмес, ал мародёр. Текебаевди камоо талабы менен биз бүгүн митинг­ге чыгып, аны колдогондордон эки эсе көп болобуз. Учурда аймактардан тарапташтарыбыз келип жатышат. Биз Текебаев­дин камалышын колдоп пикетке чыктык.

 Акматбек Келдибеков, экс-депутат:

Бул кылган иштеринин жыйынтыгы”

– Мен Кыргызстан жана элибизди колдойм. Мыйзамсыздыкты колдой албайм. Бирок мындай мыйзамсыздыкты өз убагында ким баштады эле? Эм­не үчүн «Ата-Журтгун» он депутатын камап, мыйзамсыз иш алпарды эле? Эмне үчүн ал учурда демократия тууралуу эч нерсе айтышкан эмес. Конституцияда Жогорку Кеңештин депута­ты өтө оор кылмыш кылып жатканда кармалса, парламенттин макулдугусуз камоого болот деп так жазылган. Алар эмне кылышты? Салянова кылмыш беш-алты жыл мурда жасалды деге ге да карабай камай баштаган. Мына эми жыйынтыгын көрүп жатышат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: