Menu

Студенттер арасында укукту таанытуу максатында Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Э.М.Сулайманова, судьясы К.Т.Үмөталиев жана судьянын жардамчысы Н.М.Абдивалиев Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин студенттерине 2017-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын сот системасынын калыптанышы жана реформалары жөнүндө ачык лекция өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Лекцияны шаардык соттун төрайымы Э. Сулайманова ачып, сот органдарынын өлкөбүздө түптөлүшүнүн тарыхы жана азыркы күндө Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот реформасы жөнүндө маалыматты студенттерге берди. Андан кийин судья К. Үмөталиев Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан кийинки учурда сот органдарынын түзүлүшү жана ага кирген жаңылануулары туурасында студенттерге маек куруп берди. Лекциянын алкагында судьянын жардамчысы Н. Абдивалиев, мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан кийин жана ага чейинки сот системасынын иш жүргүзүүсүнүн айырмачылыктарына жана соттун өзүн-өзү башкаруу органдарынын функцияларына студенттердин көңүлүн бурду.

Кыргыз Республикасында сот системасынын иштөөсүнүн тартибин түшүндүргөндөн кийин лекторлор студенттерге кылмыш жасоонун, ар кандай укук бузууга же мыйзамга баш ийбөөчүлүккө баргандан кийинки терс кесепеттери боюнча кеңири маалымат беришип, студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого жана урматтоого чакырышты.

Бул иш-чара студенттердин суроолору менен коштолуп, аларды кызыктырган теориялык суроолоруна судьялардан жана соттун кызматкеринен практикадан алынган жоопторду алышты.

Ачык лекциянын аягында, сот системасынын өкүлдөрү, ушул сыяктуу лекцияларды кезеги менен өткөрүп туруусун, теорияны практика менен айкалыштырып, студенттердин өз укуктары жана милдеттери боюнча билим алуусуна салымдарын кошуп тураарын айтып кетишти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: