Өзбек жазуучулары жана акындары президент Шавкат Мирзиёевден 17 жыл түрмөдө жатып чыккан 77 жаштагы жазуучу Мамадали Махмудовду реабилитациялоону өтүнүштү.
Кайрылуу жолдогон авторлордун пикиринде, жазуучу жана оппозициячы Мамадали Махмудов совет мезгилинде Өзбекстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Ал Эврил Турон аттуу купуя ысым менен “басмачы” атыккан “улут баатырлары” тууралуу бир нече повесть жана роман жазган. Анын “Өлбөс аскалар” аттуу тарыхый романы СССРде тыюу салынган.
77 жаштагы жазуучу Мамадали Махмудов 17 жыл түрмөдө жаткан. 1990-жылдары ал эки сапар соттолгон. Ташкентте 1999-жылы болгон жарылуудан кийин жазуучу саясий берененин негизинде эркинен ажыратылган. Анда сот Мамадали Махмудовду конституциялык түзүмдү бузууга аракет жасоого айыптап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал абактан 2013-жылы апрелде чыккан.
Анын “Өлбөс аскалар” романы 19 кылымдын соңундагы Орусия падышачылыгына каршы күрөштү чагылдырат. Китеп “L’AUBE” басмаканасы тарабынан француз тилинде басылып чыккан. 2008-жылы романдын котормочусу Филипп Фризон жана басмакана Махмудовду бошотууга чакырып акция уюштурушкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ