Menu

Советтик гимнаст Ольга Корбут олимпиадалык медалдарын сатты

Бөлүшүү:

Мюнхенде 1972-жылы өткөн Олимп оюндарында белгилүү болгон кеңеш доорундагы гимнаст Ольга Корбут беш олимпиадалык медалын жана башка сыйлыктарын АКШдагы аукциондо 333,5 миң долларга сатты.

Heritage Auctions аукцион үйү Корбуттун алтын медалы онлайн-соодалоодо 66 миң долларга сатылганын жарыялады. Беларуста төрөлгөн 61 жаштагы Корбут 1991-жылы АКШга көчүп кеткен.

Корбуттун жашоо-турмушу оор экени айтылууда. Орусиялык Gazeta.ru сайты медалдар Корбутту ачкачылыктан сактап калганын жазды.

Жапалдаш бойлуу Корбут 17 жашында Мюнхенде өткөн Олимп оюндарында новатордук гимнастикалык элементтерди жасоо менен дүйнөгө таанылган. Анын жаратмандыгы менен СССРдин гимнасттары командалык турнирде алтын медалга ээ болушкан.

Мюнхенде Корбут устунда жана эркин түрдө жасаган көнүгүүлөрү менен чемпиондукту багындырган. Төрт жылдан кийин Монреалда өткөн Олимпиадада Корбут “Минск таранчысы” деген ысымга ээ болуп, алтын жана күмүш медалдарды утуп алган.

Аукционго Корбут трикосун, BBC корпорациясы тарабынан тапшырылган “Жылдын спортчусу” сыйлыгын жана ар түрдүү медалдарын койгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: