Европа Биримдигинин Кеңеши 27-февралда Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кеңейтүү боюнча юридикалык актыларды кабыл алды. Документ БУУнун Коопсуздук Кеңеши былтыр ноябрда белгилеген чектөө чараларын камтыйт.
Санкцияга ылайык, Түндүк Кореянын көмүр, болот жана темир кошулмасы бар минералдары боюнча соода келишимдерин түзүүгө чектөө киргизилет. Бул өлкөнүн айрым түстүү металдарынын импортуна да тыюу салынат. Мындан тышкары ЕБга мүчө өлкөлөр Түндүк Кореянын жарандарынын өзөктүк же баллистикалык программалар боюнча билим алуусуна жол бербейт.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата кабыл алган санкциясын Кеңешке мүчө бардык 15 өлкө тең колдоду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча чектөөлөрдүн айынан Пхеньян жылына 700 миллион доллар жоготот.
Түндүк Кореяга 2006-жылы биринчи өзөктүк сыноосун өткөргөндөн бери бешинчи жолу санкция киргизилүүдө.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ