Menu

Орусиянын АКШдагы элчилиги алдындагы көчөгө Немцовдун атын ыйгаруу сунушталууда

Бөлүшүү:

АКШнын президенттигине экс-талапкер, Флорида штатынан республикачыл сенатор Марко Рубио Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин имаратынын алдындагы көчөнү саясатчы, маркум Борис Немцовдун ысымы менен атоону сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоорун ал АКШ Конгрессинин жогорку палатасынын кароосуна алып чыкты.

Рубио өз сунушун «демократиялык укуктар үчүн күрөшкөн бардык орусиялыктарды» эсте сактоо каалоосу менен түшүндүрдү. Айтымында, өлтүрүлгөн саясатчынын ысымындагы көчөнүн пайда болушу «эркиндикти коргоочулардын үндөрүн басууга мүмкүн эместигин» эске салып турат.

Орусиялык оппзициячыл саясатчы Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Москванын борборунда киши колдуу болуп өлгөн. Тергөө ал кылмыштын түздөн-түз катышуучусу катары Чеченстандан чыккан беш жарандын ысымын атаган.

Саясатчынын өлтүрүлгөндүгүнүн эки жылдыгына карата Москвада жана Орусиянын башка шаарларында аны эскерүү акциялары өттү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: