«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-февралда Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун расмий аземи болду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма-сөз кызматы билдирди.
Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Эки Президенттин жолугушуусунун расмий аземинен кийин ардактуу кароол менен учурашып, эки өлкөнүн өкүлдөрү менен таанышкан соң Мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтө турган бөлмөнү көздөй бет алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ