“Кимдир бирөө дагы, үчүнчү революция жасоону кыялданып жатса эскертип койгум келет. Буга чейинки эки революцияны тең мен жасагам, 2005-жылдагы революциянын да, 2010-жылдагы революциянын да лидери мен болгом. Эсиңерде болсо революция “Форум” имаратынын жанынан башталган. “Форум медиа” ал менин офисим. Эми үчүнчү революцияны жасабайм, революцияларга Кыргызстанда чекит коюлду”, – деп билдирди бүгүн, 28-февралда Алмаз Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен биргелешкен маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Эсиңиздерге сала кетсек, Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган турнесинин алкагында бүгүн Кыргызстанга бир күндүк расмий сапар менен келген.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ