Menu

Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду

Бөлүшүү:

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кечээ, 28-февралда  Алмазбек Атамбаев менен өлкөгө расмий  сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россия Президентин кыргыз жергесине келиши менен жылуу куттуктады. “Биздин жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык юбилейинин алдында өтүп жатышы символикалуу маниге ээ. Бул датаны биз быйыл 20-мартта белгилейбиз. Мындан ары да жалпы тарыхы бар эки бир тууган элдерибиз, биздин өлкөлөрүбүз стратегиялык союздаш жана өнөктөш бойдон калаарына мен бекем ишенем », – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу менен кыргыз-россиялык мамилелер ишенимдин жана кызматташуунун мурдагыдан да жогорку деңгээлине өтүп жатканын белгиледи. “Мен россиялык тарапка жана Владимир Владимирович Путинге ушул кыйын, өткөөл мезгилде, биздин өлкөбүз жаңы шарттарга ыңгайлашып жаткан кезде көрсөтүп жаткан жардамы жана колдоосу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем, – деди  Алмазбек Атамбаев. – Россия Прездентинин саясий эрки менен гана 500 миллион АКШ долларлык уставдык капиталы бар Россиялык-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн мен ачык айта алам. Андан тышкары, ошол учурда россиялык тарап Кыргызстанды ЕАЭБга интеграциялоо маселелерин чечүүү үчүн тийиштүү жабдууларды жана программаларды алып келүүгө техникалык жардам катары 200 миллион АКШ дооларын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондуктан ар кандай имиштерге, ушактарга карабастан, биз эң туура кылганыбызга мен ишенем. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу – бул эң туура жол. Ошондой эле бир тууган Россиянын жардамы менен биз жылдын аягына чейин ЕАЭБге толук кошулуу боюнча калган маселелерди чечип, майда-барат тоскоолдуктарды жоёбуз деп ишенем. Бүгүнкү жолугушуу, образдуу айтканда, сааттарыбызды тууралап, биздин кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берет».

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин жылуу кабыл алуусу үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. «Сиз быйыл биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгын эске салдыңыз. Бул жылдар ичинде Россия менен эгемендүү Кыргызстан ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө узун жолду бастык. Бул жол жөнөкөй болбогону менен көп иштер жасалды. Мамлекеттүүлүктүн бутуна турушу оңой-олтоң өтүп жаткан жок. Ошого карабастан, Кыргызстанда туруктуулук орногону бизди кубандырат. Өлкөнүн демократиялык калыптануу процессинин кандай өнүгүп жатканы кубандырат. Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр кандай кыйынчылыктар менен коштолгонун биз билебиз. Президент Кыргызстандын кызыкчылыктарын эмоционалдуулук менен жана бекем коргогону эсибизде, – деди Владимир Путин. – Мындай сүйлөшүүлөр – бул ар дайым процесске катышкан бардык тараптарды канааттандырган компромисс. Бирок быйыл Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылаарын белгилегим келет  жана биз бул процессти ар тараптан колдойбуз. Сиз азыр эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин жумшак өтүшү үчүн жана өлкөнүн экономикасы бул интеграциялык бирикме жашап жана өнүгүп жаткан эрежелерге ыңгайлашуусу үчүн биз атайын түзгөн каражаттар жана механизмдер тууралуу айттыңыз».

«Биз бүгүн Сиз менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө, буга чейин биргелешип иштеп чыккан пландар тууралуу сүйлөшкөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиз айткандай, бүгүн сааттарыбызды тууралап алдык, эми алдын-ала иштеп чыккан пландарыбызды жүзөгө ашыруу үчүн бардыгын жасашыбыз керек», – деди сөзүнүн аягында Владимир Путин.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: